www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо эч ким күтпөгөн партиялар Жогорку Кеңешке келип калуусу мүмкүн. Мындай пикирин ЖК депутаты Дастан Бекешев Фейсбук баракчасына жазды. 

Анын айтуусунда бул шайлоодо күтүүсүздүк жана акча көп нерсени чечет. 

“Саналуу күндөрдөн кийин саясий партиялар талапкерлердин тизмесин бекитет.  Эч кимисинде идеалдуу тизме болбойт. Негизи эле идеалдуу нерсе болушу мүмкүн эмес.

Бул шайлоонун мурункулардан айырмасы, күтүүсүздүк көп нерсени чечип, парламентке эч ким күтпөгөн партиялар барып калышы ыктымал. Бирок акча өз ишин кылат – буга чейин бир да партия акчасыз парламентке барган эмес.

Чоң партияларга чоң акчалар керек – жарнамаларга, үгүт иштерине, ЖМКларга, активисттерге, штабдагы кызматкерлерге ж.б. коромжулар бар.  Шайлоо улам кымбаттап жатат, андыктан абройлуу бирок акчасыз адамдарга алдыңкы тизмелерге кирүүгө улам мүмкүнчүлүк азайып жатат. Аброй менен чыгымдарды жаба албайсың, андан сырткары эч ким бекер иштегиси келбейт.   

Эч кандай романтизм жок, андыктан VI чакырылышты али жакшы сөздөр менен көп эскересиңер”, – деп жазган депутат.  

Белгилей кетсек, күзүндө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо белгиленген. Ага 44 саясий партия катышуу ниетин билдирип, БШКга документтерин жиберген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости