www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Ыш боюнча жыйындан жыйынтык болгон жок

Ыш боюнча жыйындан жыйынтык жок. Мындай пикирин депутат Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өткөн жумада Бишкектеги ыш боюнча бир канча жетекчилердин маалыматын укканбыз. Эл аралык коомчулук койгон абанын сапатын текшерүүчү аппараттар тууралуу экология министри Динара Кутманова айткан эле. Эми ошол аппараттар туура аныктайбы же жокпу, жооп берген жок. Же ЖМКларга же депутаттарга кагаз жүзүндө маалымат берип койгон жок. Ушул тууралуу ачыгын айтып койбойбу. Менимче ал датчиктер туура эле иштейт. Мисалы АКШнын элчилиги кантип эле жанына туура эмес көргөзгөн аппаратты кою койсун.

Андай болсо Динара Кутманова абанын сапаты ден соолукка кооптуу, сактангыла, деп айтпайбы. Мынакей бир канча ата-эне балдарын чет өлкөгө кетирип жатат, айрым аксакалдар айылга кетип жатышат. Ачык айталы бардык нерсени. 

Өткөндөгү жыйындан жыйынтык жок. Кечке суроо-жооп болуп ошону менен бүтөт деп айтканбыз. Ошондой эле болду. 

Же кимдир бирөөлөр өлкөбүзгө чыккынчылык кылып жатабы? Абанын сапатынын айынан туристтер, инвесторлор келбесин деп?", - деди депутат.

Депутат экология министри Динара Кутманова бүгүн келип, 10 мүнөт маалымат берсин деп сунуш киргизди. Төрага Шакиев бул сунушту колдоп, экология министрин чакырууну талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости