www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында, ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев, Өмүрбек Текбаевди айтып, “не в тему” сөз сүйлөп микрафонго жабышты. Мукактанып сүйлөгөн Зарылбек Рысалиев: --“Текебаевге карата соттун чечими чыккан. Депутаттык мандатынан ажыратылган. Ал жөн гана кылмышкер.  Ал кадимки кылмышкерлердей жазасын өтөшү керек, Текебаевге эч кандай жеңилдик болбошу керек”, – деди.

Анан эле ары жактан Алмамбет Шыкмаматов, “секирип чыгып” Зарылбек Рысалиевге:

--“Зарылбек Рысалиев ИИМдин, ЖАМКтын жетекчиси болуп иштеген, бул киши мыйзамды билбейт. Билбегени үчүн ушинтип сүйлөп жатат. Текебаевге жеңилдик деген жокпуз, сөздү башкага бурбаш керек”, – деди.

Зарылбек Рысалиев:

--“Урматтуу Шыкмаматов, сиз менден зачет алдыңар беле? Эмне үчүн сиз мага баа берип жатасыз?” деди мукактана.

Ошентип, эл өкүлдөрү, бири-бирин сөз менен башына-башына чапты. Анан эле ары жактан депутаттардын “аташкасы ” Дастан Жумабеков, “ой-уй, не болуп атсыңар”, дебестен, адекваттуулук менен эки лөктү тынчытты.

Баса, Өмүрбек Текебаевди минтип камакта жатканда табалагандай, Өмүке, Замыкеге не кылды болду экен ааа. Ушул жөн жүрбөгөн Өмүрбек Текебаев, Зарылбек Рысалиевди качан сүзүп койду экен?, деген суроо жаралат.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, бирөөлөрдө “Зарылбек Рысалиев, бир актриса кыз менен махабаттын майданында, курсакты салаңдатып, шымын шалбыратып суу чачышып, аттардын жалынын, актриса кыздын саамайын сылап, ойноп жүргөн” сүрөттөрү бар экен. Ал сүрөттөр бизде да бар. Махабат да эми, махабат, бирок Закемдин о-оо махабаты азыр,  экс-махабат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости