www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан аймагына жол кура баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров парламенттин 30-марттагы жыйынында билдирди.
"Керкидан аймагына Өзбекстандын күч органдары чыгып, эки күндөн бери жол куруу иштерин жүргүзүп жатат. Эки мамлекеттин ортосунда делимитация жана демаркация боюнча комиссия түзүлгөн. Ага ылайык, бул иштер Кыргызстандын макулдугу менен гана курулушу керек. Тиешелүү жетекчилерге дагы айтылса керек. Жолду токтотуп туруш керек. Кыргызстандын макулдугу жок эле эки күндөн бери курулуш иштерин жүргүзүп жатат", - деди депутат.
Министрлер кабинети бул маалымат тууралуу комментарий бере элек.
Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылы коңшу Өзбекстан менен чектешет.
2019-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосуп, жол сала баштаганы ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон.
Жергиликтүүлөр нааразы болуп чыккандан кийин гана кыргыз өкмөтү Керкидан алмаштырылганын, андагы 413 гектар үчүн расмий Бишкек өзбек тараптан жер алганын кабарлаган. Тагыраагы, Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) Өзбекстан Кыргызстанга жер бергени маалымдалган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени да кабарланган.
Булак: NazarNews.kg