www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту алдамчылыкка шектелген Э.Элизанын ишин караганын 31-мартта жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жыйынтыгында сот айыпкерди күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты. Бирок пробация шарты менен камактан бошотулду. Э.Элиза финансы пирамидасын, ошондой эле «Watfardcorp.comLLC» жана «Finance.kg» сайттарын түзгөн деп айыпталган.

«Жалпысынан 700-800 адамга "Finance.kg" зыян келтирсе, "Watfardcorp.comLLC" кесепетин 400-500 адам тарткан. Алар биржага 1200 доллардан баштап 13000 долларга чейин акча бергендер. Булар арыз жазышкан. Биз билбегендер дагы бар. Чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 2 млн долларга жетет», - деди жактоочу.

Э.Элиза 2020-жылы кармалып, убактылуу камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен камактан бошоткон болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости