www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Кытай менен мамилелердин туруктуу өнүгүшүнө кызыкдар жана «адилеттүү дүйнөлүк тартипти» куруу боюнча биргелешкен кыймылды улантат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кытайдын тышкы иштер министри, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ван И менен жолугушууда билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

«Биз эл аралык мамилелердин тарыхында өтө олуттуу этаптан өтүп жатабыз. Ушул этаптын жыйынтыгында эл аралык кырдаал бир кыйла ачык-айкын болуп, сиздер менен бирге биздин башка пикирдештерибиз менен бирге биз көп полярдуу, адилеттүү, демократиялык дүйнөлүк тартипке карай бара тургандыгыбызга мен ишенемин», — деди ал.

Дипломат кытайлык кесиптеши менен Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды караштыраарын белгиледи.

«Биз Кытай менен болгон мамилелерибиздин ырааттуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз», - деп жыйынтыктады министр.

Эске салсак, буга чейин Сергей Лавров Кытайдын Туньси шаарына келип, эртең Ооганстандын кошуна мамлекеттер форматында тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтө турганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости