www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезек күткөн жарандарды саламаттык сактоо министри өз көзү менен көрүп келсин. Мындай пикирин депутат Чолпон Султанбекова бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аталган борборго бейтаптар өлкөнүн жети дубанынан келишет. Алар дарыгерге көрүнүү үчүн таңкы саат 5те келип кезекке турушат экен. Ал жактагы элдин тыгынын көрсөңүздөр жүрөгүңөр ооруйт. Көпчүлүгү алыскы аймактардан келгендер, кезек жетпей калса кийинки күнгө калышат. Шаарда туугандары жоктор мейманканага жатууга туура келет. Алардын тамак-ашына, жол киресине оңой эмес каражат керектелет. Кезек күткөндөрдүн саны күндөн-күнгө көбөйүүдө", - деди Чолпон Султанбекова.

Депутат жаңы шайланган саламаттык сактоо министри айтылган жерге барып, өз көзү менен көрүп келсин, деп тапшырма берүүсүн өкмөттүн өкүлү Алмас Абытовдон өтүндү.

"Баардыгын Бишкек шаарына чогулта бербей, жер-жерлерге да ушул сыяктуу борборлорду ачсак кандай болот. Мисалы, лаборатория, УЗИ сыяктуу маселелерди чечип берсеңиздер. Бул жакта дарыгерге күнүнө 100дөн адам жазылат экен. Ал ашып кетсе бир күндө 20 адамды көрүп жетишет. Калгандары кийинки күнгө калып, жумалап, айлап кезек жетпей жүрүшөт. Министр аталган маселени тезинен чечсин", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости