www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик жыйынга 14 депутаттын 11и катышып, үчөө жүйөлүү себептер менен келбей калды. Чечим кабыл алынганда жети депутат "макул" деп добуш беришсе, келишим талкууланып жаткан учурда комитеттин жыйынынан Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Эрулан Көкүлов жана Нуржигит Кадырбеков чыгып кетишкен. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча келишимди кайра карабайт. Бул тууралуу журналисттерге комитеттин жетекчиси Улан Примов божурады.

Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип пайдалануу келишиминде кооптуу жагдайлар бар экенин айткан. Алгач кутурма тийгендей Жеңишбек Токторбеков парламенттик жыйында айдарбековго минтип асылды: «Мен тарых үчүн кыргыз элинин, депутаттардын алдында айрым кесиптештерибиз маалыматты бурмалабай, так, ачык айтсын деген тилегимди айткым келет. Комитеттин жыйынында биздин кесиптешибиз Айдарбеков массалык камоолор абдан орой болду, Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес деп жалган маалымат таратты. Урматтуу кесиптештер, эсиңиздерге салып коёюн. 2019-жылдын 8-9-августунда Сооронбай Жээнбеков кан досун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колу бутун кайрып, бүткүл дүйнө жүзүнө шерменде кылып камабады беле. Ошол кезде бир жоокерибиз каза болгон. Ал эми подполковник Самат Курманкулов майып болуп калды. Азыр майыптар арабасында отурат. А бул эмне тарых эмеспи? Ал кезде орой болгон эмеспи? Урматтуу кесиптештер, мен ошол кесиптешибизге айтат элем. Ошол кезде Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, өзүн эмес күчүгүн сиз деп, иниси Асылбек Жээнбекодун портфелин көтөрүп жүрбөдү беле. Ал кезде ошол кесиптешибиз Тышкы иштер министри болуп турган. Эгер патриот болсо камоолор орой болду деп ошондо айтпайт беле", - деди депутат.

Ар ким өз маданиятына жараша комментарий берет. Тышкы саясатка тиешеси бар адамдар ички саясат менен түздөн-түз алектене албайт, деп билдирди депутат Чыңгыз Айдарбеков: «Мындай табиятты түшүнбөгөндөрдүн деңгээли ушундай. Ал эми айтып же айтпай койгонум документтерде белгиленген. Мен эч качан өзүмдү жарнама кылбайм. Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги жасаган анализге мен кол коюп, бардык документтерге жөнөткөм. Биз позициябызды, тигил же бул окуяга эл аралык коомчулук кандай мамиле кыларын талдоону бердик. Бул биздин кесиптик ишибиз. Ал бөлүктө мен өз милдетимди аткардым.

Популисттик билдирүүлөргө келсек, мен өмүр бою мамлекеттик ишмер болдум. Мен мамлекет үчүн иштегем, ошондуктан аткарылган иштердин маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин түшүнөм жана өз милдеттеримди дайыма аткарып келем. Мен дайыма фактыларга, документтерге таянып сүйлөйм. Көрүп-билгеним жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет. Буга чейин да позициямды билдирип келгем», - деди Айдарбеков.

Чыңгыз Айдарбеков 2018-2020-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган.

10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген

Маселени караган эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген. Бирок комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору боюнча тармактык комитеттин чечимине кол койгон эмес. Айдарбеков анын себебин, аларга аталган маселе боюнча документтер толугу менен берилбегени менен түшүндүргөн. Ага байланыштуу 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алынган.

Социалдык блокту жетектеген вице-премьер-министр Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө макулдашуу долбоорун колдоо боюнча комитеттин чечимине эмне үчүн кол койбогондугу боюнча түшүндүрмөсүнө жооп берген. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасында билдирген.

Чиновниктин айтымында, Чыңгыз Айдарбеков каалагандай каршы добуш бере алат, бирок көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү: «Анын акылсыз популизми жана жоопкерчиликсиз позициясы жок дегенде анын компетентсиздигин айтып турат. Бирок, кыязы, бул жерде жашыруун себептер бар», - деп жазган Эдил Байсалов.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости