www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Семетей Талас уулу сотко жеткирилди

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда журналист, жарандык активист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралып жатат. Ал учурда сотко жеткирилип, отуруму жабык өтүп жатат.

“Бул иштердин баары саясат. Саясий кызыкчылык үчүн ушундай болуп жатат”, — деди журналист өзүнүн камалышы тууралуу.

Журналисттин жакындары, тарапташтары сот имаратынын алдына чогулганын көрүүгө болот.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу тараткан маалыматка ылайык, журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталган.

Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган» деген корутунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда.

Журналист жыл башында УКМКга Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Сурактан чыккандан кийин «чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын» айткан.
Ал буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости