www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Коргонбек Жусупбек уулу Жогорку Кеңешти Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстан Украина менен Орусияны тынчтыкка чакырышы керек.

«Биз тынчтыкка чакырабыз же кандайдыр бир жол менен өз оюбузду айтышыбыз керек. Украина менен Орусия 70 жыл бир өлкөдө жашашкан. Булар биз үчүн бир тууган элдер. Мындай учурда унчукпай коюуга болбойт. Биз өзүбүздүн оюбузду парламенттик жыйында айтышыбыз керек», - деди ал.

Кечээ Москвада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда ДНР менен ЛНРдин көз карандысыздыгын таануу маселеси талкууланды. Орусиянын президенти Владимир Путин жарлыкка кечээ кол койду.

АКШ лидери Джо Байден Донецк жана Луганск Элдик Республикалары менен соода-сатыкка жана инвестицияга тыюу салган жарлыкка кол койду. Документ Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

Бүгүн кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Киев тынчтыкты жактаарын жана Орусиянын Донбасс республикаларын таануу чечиминен кийин бул багыттагы дипломатиялык ишин уланта турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости