www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-февралда Москвада жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы - анда Мамытов Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу маселе көтөргөнүн билдирди.
"Биз жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун карап көрүүнү өтүнөбүз",-деди Мамытов.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Вячеслав Володин бул сунушту оң кабыл алганын жана сунуш орус өкмөтүнө жөнөтүлөт деп айтканын белгиледи.
Орус парламентинин басма сөз кызматы Володин менен Мамытов алака-катышты өнүктүрүү жолдорун, тиешелүү комитеттердин өз ара кызматташуусу өңдүү маселелерди талкуулаганын кабарлады.
"Ошону менен катар тараптар миграциялык саясатты, тактап айтканда, эмгек мигранттарын колдоо, Кыргызстанда орус тилин окутуу маселелерин, экономикалык жана гуманитардык байланышты талкуулашты. Талант Мамытов Вячеслав Володинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.
Мунун алдында Кыргызстан Орусияга жаңы миграциялык эрежелерине байланыштуу нота жөнөткөн. Анда Бишкек Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүүнү өтүнгөн.
Былтыр жыл аягында Орусияда миграциялык мыйзамдарын өзгөрткөн. Ага ылайык, мындан ары чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл. Ушундан улам айрыкча Москвада каттоого турууга келгендердин узун кезеги пайда болгон.
Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн жана анда депутаттар Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканын айтышкан.
Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕАЭК) өкүлдөрүнүн бири Алтынай Өмүрбекова Орусияда иштеген мигранттарын чектеген мыйзамды кайра карап чыгуу сунушу берилгенин билдирген.
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.
Булак: NazarNews.kg