www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева параламентте социалдык маселелерди активдүү көтөрүп акыл айтып жатканы менен, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу курулуш тармагында олуттуу суроолор жаралууда. «Эмарк групп» компаниясынын негиздөөчүсү, Курулушчулар союзунун төрагасы Чолпонбек Акматов социалдык тармактагы Facebook баракчасына бир катар курулуш компаниялары депутат ээлик кылган «Hyundai» жана «Sky Elevators» компанияларынын ишине нааразы болуп, бир нече жылдан бери буйрутма берген лифттердин орнотулбай жатканына нааразы болгон билдирүү кылды.  

Бул тууралуу ал: 
- Курулуш Союзуна көптөгөн курулуш компанияларынан сиз жетектеген “Хюндай” жана “Скай Элеваторс” компанияларына арыздар түшүп жатат. Алардын арасында биздин компания да бар. Баардыгыбыз 3-4 жылдан бери артыныздан жүрөбүз, бирок эч реакция жок. Кыска убакыттын ичинде лифттерди койуп берүүнү талап кылабыз. Биздин жашоочуларга үйлөрдү тапшырып бере албай жатабыз. Болбосо сотко кайрылганга мажбур болобуз, - деп жазды. 

Негизи Жунушбаева шайлоодо мандат алуу үчүн эң көп чыгып миллион долларды чапчыганы айтылып келет. Карызы кокодон ашып турганда, депутат болом дебестен элди кыйнабай шайлоого кетчү каражатка карыз лифттерин койдуруп берсе болмок беле, деген суроо жаралат. 

Последние новости