www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда балдар арасындагы рак илдетин аныктоо жакшырды, чоңдор онкологиясында көйгөй көп
Кыргызстанда балдардагы онкологиялык ооруларды эрте аныктоо көрсөткүчү жогорулады. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.

Анын айтымында, балдардагы рак генетикалык мутациялардан улам пайда болуп, жашоо образы же экология менен түз байланышта эмес. Мурда аймактарда көптөгөн балдар так диагнозго жетпей каза болуп калса, азыр ооруну аныктоо көрсөткүчү 100 миң балага 10-11 учурга жетип, дүйнөлүк деңгээлге жакындады.

Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун балдар онкологиясы боюнча глобалдык демилгесине кошулуп, 2030-жылга чейин айыгып кетүү деңгээлин жогорулатууну максат кылууда. Акыркы жылдары балдар онкологиясына бөлүнгөн каражат 10 эсеге өсүп, заманбап дарылар колдонулууда.
Ошол эле учурда, чоңдор онкологиясында көйгөйлөр сакталып калууда. Өлкөдө болгону Бишкек жана Ош шаарларында эки онкологиялык борбор бар, кезектер көп, ал эми айрым маанилүү анализдер дагы эле акы төлөнүүчү бойдон калууда.

Адистер ата-энелерди баланын ден соолугунда узакка созулган температура, алсыроо, себепсиз көгөрүүлөр, сөөк оорулары же оорутпаган шишиктер байкалса, дароо дарыгерге кайрылууга чакырышат.

Последние новости