www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жусуп Коргонбай сөгүнгөн сөзүнө жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулу NazarNews маалымат агенттигине маек берип, соцтармактагы сөгүнгөн сөзүнө жооп берди. 

— Саламатсызбы Жусуп мырза, суроонун чоо-жайын айттырбай эле түшүндүңүз да...

— Ооба.

— Кандайча сөгүнүп-сагынып калдыңыз...

— Туура, андай катуу кеткенимдин себеби бар, улам эле кычыктана бергенден сөгүп салдым эле. Андай скриншоттолуп элге жайылып кетет, деп ойлобоптурмун.

— Сөгүнүп салгандан кийин ойлондуңузбу? 

— (Күлүп) Ооба, чын эле нервимди козгоп салды эле. Сөгүнгөнүм үчүн кыргыз элинен кечирим сураймын.

— Эркин жүргөн адам депутат болуп калды, жашооңуз чектелбей элеби? 

— Чын эле эркин жашооң чектелет экен. Ар бир баскан кадамыңды эл байкап, таразалайт турбайбы? Айрым учурда депутат болбой эле койсом болмок экен, деген ойлор болбой койбойт. Дагы бир жолу кыргыз элинен кечирим сураймын.

— Рахмат!

Эске сала кетсек, аталган депутат соцтармактагы баракчасында катталуучулардын бирине сөгүнүп жооп бергени талкууга алынууда. Депутаттын сөзүнө айрым жарандар кечирим суроосун талап кылган эле.

Алсак, Кыргыз Республикасынын мыйзамында Жогорку Кеңешинин депутаттарынын укуктары жана милдеттери тууралуу 8-беренеде каралган.

Депутаттык этика:

1. Депутат өзүнүн ишинде жалпы таанылган моралдык ченемдерди карманууга, өзүнүн кадыр-баркын сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын сактоого, Жогорку Кеңешке, шайлоочуларга жана бүтүндөй мамлекетке шек келтире турган аракеттерге, билдирүүлөргө жана жоруктарга жол бербөөгө тийиш.

2. Депутаттык мандатты жекече максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.

3. Депутат өзүнүн ишинде депутаттык этика кодексинин талаптарын сактайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости