www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташтын видеосу социалдык тармактарда тарап, коомчулукта чоң резонанс жаратты. Эл өкүлүнүн муштумунан жабыркаган Аргендин апасы NazarNews маалымат агенттигине маек берди. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранды.
Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:
12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган.
Жабырлануучу Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган.
Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен ооруканага жаткырылды.
Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.
Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамында Жогорку Кеңешинин депутаттарынын укуктары жана милдеттери тууралуу 8-беренеде каралган.
Депутаттык этика:
1. Депутат өзүнүн ишинде жалпы таанылган моралдык ченемдерди карманууга, өзүнүн кадыр-баркын сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын сактоого, Жогорку Кеңешке, шайлоочуларга жана бүтүндөй мамлекетке шек келтире турган аракеттерге, билдирүүлөргө жана жоруктарга жол бербөөгө тийиш.
2. Депутаттык мандатты жекече максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
3. Депутат өзүнүн ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын сактайт.
Булак: NazarNews.kg