www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-март түнкү саат 3:30 чамасында аны белгисиз адам сабап салганын айткан. Ошол күнү Бишкек шаарындагы Элебаев көчөсүнүн боюнда жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, анын денесинен жаракат алган. Буга байланыштуу жабырлануучу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталына баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен медициналык жардамга кайрылган.

Дарыгерлердин айтымында, ал жеңил баш мээ жаракатын алып, мурду сынган. Жеңил түрдөгү көздүн контузиясы деген диагноз коюлган.

«Ал дарыгерлердин текшерүүсүнөн өттү, лор, окулист көрдү. Болжол менен 7-10 күн дарыланып, жакшы болуп калса, ооруканадан чыгарылат», — деп билдиришти Улуттук госпиталдан.

Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.

Эске салсак, 12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости