www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун катышуусундагы мушташка реакция кылды Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, президентке Жогорку Кеңештин депутаты мушташып, адам сабалган факты боюнча маалымат берилген.
"Ички иштер министрлигине окуянын чоо-жайын комплекстүү иликтөө тапшырмасы берилди. Мындай жүрүм-туруму аталган рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикалык нормаларына туура келбейт", — деп жазган Султанбаев.
Эске салсак, 11-март күнү кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде бир топ кишилер менен мекеменин коопсуздук кызматынын ортосунда мушташ чыккан.
Социалдык тармактардагы видеого караганда, мушташка катышкандардын арасында депутат Жаныбек Абиров да болчу. Ал коопсуздук кызматкерлеринин бирин кармап алып сабап жаткан.
Ички иштер башкы башкармалыгы мушташка катышкандардын бардыгы такталып, мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg