www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоодо.
Каржы министри Алмаз Бакетаевдин отчётунан кийин депутаттар башка аткаминерлердин келбей калганына нааразы болушту.
Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, жыйынга Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Транспорт министрлигинин жетекчилери келген жок.
«Эч ким келген жок. Анда маалымат угуунун эмне кереги бар? Экономика министри да жок. Чиновниктердин кандай пландары бар экенин угушубуз керек. Аларга суроолор көп», - деди ал.
Президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү мыйзам долбоору биринчи жолу каралып жаткан жок деп жооп беришти. «Бул үчүнчү жолу каралып жатат. Ага чейин бардык министрлер катышкан. Бүгүн жыйынга министрдин бюджеттик саясатка жооптуу эки орун басары катышууда. Каржы министринин келишин камсыз кылдык», - деди ал.
Бул жооп Улугбек Ормоновду канааттандырган жок. Анын айтымында, министрлер комитетке болгон мамилесин көрсөтүүдө.
Бактыбек Сыдыков кесиптешинин пикирине кошулду. Анын айтымында, комитеттин жыйынына келүүгө министрлер өздөрү кызыкдар болушу керек.
Каржы министри Алмаз Бакетаев мыйзам долбоорунун концепциясы бүгүн каралып жатканын түшүндүрдү. Андан кийин анын айтымында, жыйындарга бардык министрлер келет.
Булак: NazarNews.kg