www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул жылды жыйынтыктоодо чоң убадаларды берди эле. Бирок бюджеттин тартыштыгы быйыл 35 миллиард сомго жеткени калды. Мындай кырдаал эмне себептен жаралды?

-- Бюджет тартыштыгы тууралуу төмөндөгүдөй пикиримди билдирсем болот. Бюджет тартыштыгын азыр карыз алып да жапканы турушат. “14 миллиард сом тыштан карыз алдык. Ички байланыштарды карап, карыз алабыз” дейт. Карыз менен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын каржылоо таптакыр туура эмес. Анткени экономиканы сүйрөй тургандар – булар ишкерлер.

Ат менен ат араба болсо, араба аттын алдында боло албайт. Ошон үчүн атка тамак берип, аны күчтөндүрсөк, ошондо араба тез жылат. Мамлекеттик чыгашалар, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы – бул түзмө-түз инфляцияга, бюджеттин таңкыстыгына алып келет.

Демек, көтөрүлгөн айлык акыларын кыскартуу шарт. Болбосо аларды кредит менен каржылоо таптакыр туура эмес. Кредиттер көп болуп кетсе, келечекте тапкан акчабыздын баары карызга кетип, өнүккөнгө мүмкүнчүлүк болбой калат.

-- Учурда салыкчылар калыс иш алып барып жатышабы?

-- Салыкты төлөш керек. Бирок анын көлөмү керектүү көлөмдөн ашпашы керек. Эгер ашса, анда салыкчылардын алына жараша да болушу шарт. Ашыкча болсо, анда ишкердик кылуунун мааниси жоголуп, банкрот болушат. Ошону менен бюджети да жок болот.

Кээ бир убакта бир ишкерден салык алып, экинчисинен албай койсо, салык төлөгөнү банкрот болушу мүмкүн. Ошондуктан салык баарынан бирдей алынышы зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости