www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Надира Нарматова:

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү катаалдаткан мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Демилгенин маалыматтык негиздемесинде Бишкек шаарында эле 18 500 ар түрдүү коммерциялык эмес уюмдар катталганы белгиленген.

"Алардын баары эле өз иштерин уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык жүргүзбөй турганы эч кимге жашыруун эмес. Көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, өлкөнүн ырааттуу жана максаттуу өнүгүүсүнө карама-каршы келген чечимдерди кабыл алуусу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулуп, саясий акцияларды уюштуруп, каржылап келишет", — деп эсептейт Нарматова.

Буга байланыштуу бейөкмөт уюмдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында мыйзам долбоору иштелип чыкканы жазылган.

Сунуш боюнча, баары эле коммерциялык эмес уюм деп аталбай, чет жактан каржыланса өзүнчө укуктук статус берилет.

Алар:

чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм — пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын аймагынан тышкары түзүлгөн, негиздөөчүлөрү (катышуучулары) мамлекеттик органдар болуп саналбаган уюм.

чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм — башка мамлекеттин органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет элдик жарандардан акча жана башка мүлктөрдү алган уюм. Алар чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргызстандагы саясий иштерге катыша алат.

илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандардын ден соолугун коргоо, жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, майыптарды социалдык колдоо, энеликти жана балалыкты коргоо, сергек жашоо ыңгайын, дене тарбия жана спортту пропагандалоо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы, ошондой эле кайрымдуулук иштери саясий ишке кирбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости