www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалыктар Жо Байдендин Ыраазычылык күнүнүн алдында күрптөн интервью алуу аракетин шылдыңдашты. Буга чейин саясатчы "Крошка" жана "Шокаладка" каймана аты бар эки канаттууну коё берген. Салтанат Ак үйдүн газонунда өттү, деп билдирет РИА Новости.
Белгиленгендей, президент колунда микрофон менен күрптөрдүн бирине жакындап: «Айта турган сөзүң барбы?» деп сураган. Күрп, албетте, Байденге жооп берген жок.
Социалдык тармактын колдонуучулары ыңгайсыз абалга комментарий бере баштады. "Байдендин мээси куштукундай", - деп жазган Карол С лакап аты бар колдонуучу.
"Мындай адамдар менен сүйлөшпөгөн жакшыраак экенин күрп да билет", - деп жазган Losangeleskingsfan15.
Жеху Дэвис аттуу колдонуучу: "Күрптөн жакшы президент чыкмак", - деген.
Эске салсак, АКШда Ыраазычылык күнү ноябрь айынын төртүнчү бейшембисинде белгиленет. АКШда күрптөн жасалган тамак - бул майрамда салттуу тамак катары эсептелет.
Булак: NazarNews.kg