www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү президент Владимир Зеленскийдин Украинанын мурдагы аймактарын кайтарып алуу планын мындан ары колдобой турганын түркиялык «Сабах» гезитиндеги баяндамачы Бержан Тутар жазды.

Анын айтымында, европалыктар Евробиримдикте азык-түлүк жана энергетикалык кризиске алып келген Орусияга каршы санкциялардын кесепеттерине нааразы.

«Энергетикалык кризис тереңдеп бараткан Германия, Франция, Италия, Испания сыяктуу өлкөлөр мындан ары Зеленскийдин фантазияларын кубатташпайт. Баары тынчтыкты жана ынтымакты каалайт», - деди Тутар.

Ал Эстония, Латвия жана Литва гана Украинадагы кризис НАТО менен Москванын ортосундагы жаңжалга айланышын каалап жатканын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости