www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдызкан Жолдошова суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.

-КРнын Башкы Прокуратурасынын майору Азамат Каримов, мени 22 декабрь 2021 жылы, саат 11-30 га күбө катары Ош окуясы боюнча суракка чакырган (Повестка о вызове на допрос).

Бирок, бүгүн кайрадан телефон чалып, жаңы-жылдан кийин Башкы Прокуратурага кайсы күнү келе турганымы кошумча кабарлай турганын билдирди. Айтайын дегеним, КРнын Президенти Садыр Жапаров убада берген болчу, Ош окуясынын күнөөкөрлөрү сөзсүз жазаланат деп.

Башкы Прокурор Курманкул Зулушевтин Ош окуясы боюнча УӨ мүчөлөрүнө кылмыш ишин ачканы...каза, дайынсыз жоголгон, жабыр тарткандарга кандайдыр бир "үмүт" шамын жаккандай болду. Бирок, Ош окуясына өтө "аяр, дыкат" мамиле жасалышы зарыл...анткени "шейит" кеткен жарандарыбыздын жаны тынч ала алек. Себеби күнөөлүүлөр бүгүнкү күнгө дейри жазалана элек.

Башкача айтканда бийлик, бул кылмыш ишин аягына чыкпай, соодалашып кетүүгө жол берсе (саясатта көп кездешет), анда шейит кеткен жарандарыбыздын арбактары кечирбейт. Мына ушуну эстен чыгарбасак, деп жазды Жолдошова.

Эске сала кетсек, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.

Парламенттик шайлоодон кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 2017-жылы "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУдагы учактын кулашы жана 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу иштерди кайра иликтөөнү президент укук коргоо органдарына тапшыргандыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости