www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 21-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн арызданган «Альянс» партиясынын өтүнүчүн канааттандырды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, БШКнын 15-декабрдагы «Альянс» партиясынын 3 депутаттык мандаты аял талапкерлерге берилсин деген токтому, ошондой эле Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаты деп тааныган чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыкты.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында «Альянс» партиясы 7 депутаттык мандат алган. Анын экөөсү аял талапкерлерге берилмек. Бирок БШК жаңы чечим кабыл алып, ага байланыштуу Жанар Акаевдин мандаты Токтобүбү Оргалчага берилген болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости