www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-декабрда Чымкенттин кылмыш иштери боюнча район аралык соту кыздарды сексуалдык кулчулукка саткан деп айыпталган 16 жаранга карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, 13 айыпталуучу 1,3 жылдан 14 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды. Дагы үч киши "тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу" кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.

Айыпталуучулар "Трансулуттук уюшкан топ түзүү жана анын ишине катышуу", "Адам сатуу", "Өспүрүмдөрдү сатуу", "Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоо" жана "Атайылап мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Тергөөнүн маалыматына караганда, кылмыштуу топтун жетекчилери менен мүчөлөрү 2016-жылдан 2020-жылга чейин кыздарды сойкулук менен алектендирүү үчүн Бахрейнге жөнөтүп турушкан. Бул иш боюнча 36 киши жабырлануучу деп табылган. Алардын көбү балдар үйлөрү менен мектеп-интернаттардын мурдагы тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөрдөрдүн балдары болгон.

Өкүм окулган сот отурумуна бир гана жабырлануучу катышты. Ал сот өкүмү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

14 соттолуучу казак, экөө Казакстандын аймагында жашаган орус жарандары. Судьянын айтымында, алар толугу менен же жарым-жартылай күнөөлөрүн мойундарына алып, айрымдары кылганына өкүнүчтөрүн билдиришкен.

Февралда Казакстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын түштүк аймактарынан кыздарды сойкулук менен алектендирүү үчүн Бахрейнге жөнөтүп турган деп шектелген топ колго түшкөнүн кабарлаган. Март айында мекеме Чымкент шаарында жана Түркстан облусунда жашаган 39 жабырлануучу аныкталганын билдирген. Бул кылмышка 19 киши шектелип, 16сы кармалган. Калган үчөөнө эл аралык издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости