www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин административдик соту 21-декабрда "Альянс" партиясынын БШКнын 30% гендердик квота боюнча өзгөртүлгөн жобосуна каршы арызын карап, канааттандырды. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Жогорку соттун басма сөз кызматы "Альянстын" доо арызы канааттандырылып, БШКнын тиешелүү токтому мыйзамсыз деген негизде жокко чыгарылганын ырастады. БШК чечим тууралуу комментарий бере элек.
Эске салсак, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болду. Бул "Альянс" партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээлеген.
Булак: NazarNews.kg