www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сырттан келген жарандар карантинге алынган жок. Эгер мындай шаалакылык кыла берсек, кырылып калабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдөн Кыргызстанга келген жарандарды дыкат текшерүүгө албаса, жагдай оор болот.

“Кечээ Саламаттык сактоо министрлигинен  коронавирус тууралуу сураганбыз. Алар так айтышкан, карантинде 3 күн кармайбыз. Эгер биринчи белгилери аныкталбаса, биз жөнөтөбүз болбосо, 14 күн кармалышы керек деп айткан. Мен сиздерге факт айтайын. Бүгүн эртең менен Италиядан эки кыргыз жарандары келди. Тилеке каршы, аэропорттон тепловизор менен текшерип эле жөнөтүп жиберишиптир. Туугандары Италиядан келдиң, ал жактан коронавирус чыккан барып текшерилип келүүсн айтышкан.  Инфекциялык ооруканага барса, текшерип кайра үйүнө жөнөтүшкөн. Бүгүнкү күндө коронавирус Америка, Грузияда дагы башталды. Эгерде ушундай шаалакылык иш кылсак, кырылып калабыз да туурабу?”,-деди Турускулов.

Мындан тышкары, депутат кечээ эле айтып жатсак, бүгүн Италиядан келген жарандарды карантинге алышпаганын жана  ыкчам чара көрүүнү кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости