www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калктын “жаздыгынын алдында” 1,5 миллиард доллар жатат. Аны Улуттук экономикага жумшоо зарыл, - дейт Экономика министри Санжар Муканбетов.

-Өкмөт бул каражаттардын Улуттук экономиканын өнүгүшүнө жумшала тургандыгына кызыкдар. Ошондон улам капиталды мыйзамдаштыруу, легалдаштыруу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул каражаттын жарымы экономиканын өнүгүшүнө жумшалат деген ниет бар, - дейт Муканбетов.

Анын айтымында учурда мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

-Эгерде ал мыйзам долбоору колдоого ээ болсо анда жарандын легалдаштырылган капиталынын келип чыгуу жолдору текшерилбейт, эч ким жоопкерчиликке тартылбайт, - деп кошумчалайт Экономика министри. Ошондой эле, Санжар Муканбетов калктын “жаздык алдында” сакталып жаткан капиталынын өлчөмү эксперттердин бүтүмү экендигин маалымдады.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости