www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген бир жыл болду. Ушул убакта жол эрежесин бузуу боюнча 1 млн. 32 миң 673 токтом чыгарылган. Анын ичинен азыркы учурга чейин 590 миң 130 токтом боюнча айдоочулар айыппул төлөштү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, төлөнгөн айыппулдардын суммасы 686 миллион 254 миң сомду түздү. Бул жалпы сандын 57,2% түзөт.

Ал эми калганы автоунаа ээлерине токтом жетпегендиктен төлөнгөн эмес.

Ошондой эле “Коопсуз шаар” ишке киргени Бишкек шаарында жол кырсыгы 52%, ал эми Чүй облусунун аймагында 44 % азайган.

Белгилей кетсек, бул долбоордун алкагында учурда 110 камера орнотулган. Анын 90 стационардык, ал эми калган 20сы көчмө аппараттар болуп эсептелинет. Булар Бишкек шаарындагы 38 көчөнүн кесилиштерине коюлган.

“Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы 12-февралдан тартып Бишкекте ишке кирген. Март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости