www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан океандарга кантип чыгат?

Суэц каналы менен катташып жаткан Күн чыгыш менен Күн Батыштын ортосу 8 миң километрге кыскарса,  Африканы тегеренип келип катышкан соода 15 миң километрге  кыскарат. Кыргызстан географиялык жактан океандардан алыста турат. Бирок, бүгүнкү күнү технологиялардын заманы өнүгүп жаткан кезде жаңы Жибек жолун карай кадам таштап, мухиттерди көздөй кол суна турган болсок, жок дегенде темир жолдор аркылуу деңиздерге чыга турган мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

Чейрек кылым Өзбекстанды жетектеп келген Ислам Каримовдун «муздак» саясаты бир гана Кыргызстанды эмес, көпчүлүк КМШ мамлекеттерин «ичиркентип» келген. «Лед тронулся» -деп койот орус калкында,

​Шавкат Мирзиёевдин   келиши менен «ичиркенип» келген «муз эрип» Өзбекстан менен чек ара маселелери чечилип жатканы элди кубандырып турат. Суу ресурсуна бай Кыргызстан газ алып турганы да, Өзбекстанды суу менен камсыз кылып турганы да талашсыз.

Кытай-Кыргыз-Өзбек темир жолу

Транспорттук коридор боюнча ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери көптөн бери жанданбай келатат. Эгер Кытайдан өтө турган темир жол Өзбекстан аркылуу өтө турган болсо «Батыш-Чыгыш» жана «Чыгыш-Батыш» жүктөрү Фергана өрөөнүн өрдөп өтүп калмак. Бул деген Өзбекстандын тез арада өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк коомчулукка тезинен аралашышына алып келет. Ошону менен бирге Өзбекстан аймагы Чыгыш менен Батыштын кызыгуусун ого бетер арттырып, өзүнүн ички саясий стабилдүүлүгүн катуу тартипке келтирип, өлкөнүн казынасы көздөй  экономикалык дивиденддер менен инвестициялар агылып, жыйынтыгында Өзбекстандын башка мамлекеттерге көз карандылыгы жоголуп, ого бетер бекемделмек. Чынында ушул темир жолдун таасири менен Өзбекстан аймактын лидерине айланмак. Муну терең түшүнгөн Өзбекстан кээ бир маселелер боюнча Кыргызстан менен кайым айтышууга барбай турат. Президент Шавкат Мирзияев чек ара боюнча чечилбей жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө аракет кылууда. Кытай мамлекети бул темир жолдун салынышына кызыкдар. Учурда Кытай дүйнөдөгү экономикалык жактан эң күчтүү мамлекетке айланып калды. Анын товарлары  ушул темир жол аркылуу нечендеген жолдорду кыскартып, Европага өтүп турушу керек. Бул темир жол Кытай мамлекетине кошумча экспорттор үчүн жол ачат. Ошондой эле артта калып бара жаткан, сепаратисттик сезимдерге чуулганган СУАРдын өнүгүшүнө шарт түзөт. Учурда бул жерде мунайзаттын айтып түгөткүз кени ачылды, ушул жерден пахтанын көпчүлүгү алынат. Кытайдын экономикасынын өнүгүшү  үчүн бул темир жолдун пайдасы зор. Бул темир жолдун курулушуна Бээжиндин экономикалык кызыкчылыгы бар. Кытайдын ШКУ саммитинин алкагында Өзбекстан менен Кыргызстанды инвестициялап жатканы ушул темир жолдун тезирээк курулушу болуп жүрбөсүн?

Кыргызстан жаңы Жибек жолун карай

Кыргыз-Кытай-Өзбек темир жолу экономиканын өнүгүшүнө чоң таасир берери анык. Кыргызстанга темир жолдон алына турган салыктан тышкары темир жолдордун түзүлүшү Европада жана Кытайда  эки башка стандартта. Ошондуктан, Кытайдан келаткан жүк кайсы бир жерде түшүрүлүп, кайра Европалык вагондорго жүктөлүшү керек. Кыргызстандын аймагында бул жүктөр түшүрүлүп, кайра жүктөлө турган болсо миңдеген жумушчу орундары түзүлмөк. Кыргызстан ушул темир жолу аркылуу деңиз портуна чыкмак, интеграцияланып жаткан  Европа-Азия зуулдап биздин аймак аркылуу өтүп жатмак.  Жаратылыш шарты боюнча континенттин ортосунда орун алган Кыргызстанга башка дүйнө менен тез арада сиңишип кете турган интеграциялык процесстер оңой менен жылбай, оор түйшүк алып келип жатат. Мындай ахыбалдан чыгуу үчүн бул долбоор деңиз портуна чыгууну камсыздайт. Азыркы Европа –Азия багыты боюнча  тышкы соода обороту эки жүз млрд. долларга чукул десек, болжолдуу Кыргызстанга жылына 1 пайызы тийсе, трансазиаттык магистралдын эсебинен Кыргызстандын экономикасын инвестициялоо үчүн 2 млрд. доллар түшүп калышы мүмкүн. Бул трансконтиненталдуу темир жолдун келиши менен анын айлана-чөйрөсүндөгү кен байлыктары акырындык иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыркы учурда интеграцияга бара жаткан Азия менен Европаны бириктире турган эң кыска жол биздин аймак болуп эсептелет. Бирок, Кыргызстанда транзиттүү жүк өткөрө турган заманбап темир жол жок болгондуктан жаңы Жибек жолунун ролун аткара албай жатат. Байыркы заманда Батыш менен Чыгышты бириктирип турган чыйыр Жибек жолу Кыргызстандын аймагы боюнча өтө турган. Деңиз жолдорунун ачылышы менен Жибек жолу тарыхта гана калды, бирок Кыргызстандын эң  зор Батыш-Чыгышка азыркы учурда эң пайда бере турган мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Геосаясий абалы боюнча өз аймагынан өтө турган темир жол курула турган болсо Суэц каналы менен катташып жаткан Күн чыгыш менен Күн Батыштын ортосу 8 миң километрге кыскарса,  Африканы тегеренип келип катышкан соода 15 миң километрге  кыскарат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости