www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар баш прокурордун отчётун угуп жатат

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-апрелде, баш прокурор Курманкул Зулушевдин отчётун угуп жатат.

Курманкул Зулушев 5-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин жыйынында көзөмөл органынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берген.

Анда баш прокурор Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирген. Ал балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана карыларды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын айткан.

Зулушев 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталганын, анын 82си сотко жиберилип, 460 иш кыскартылганын, учурда 14 иш каралып жатканын айткан.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку алты жылда жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости