www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда 7-апрель, Ден соолук күнү, жыл сайын бюджеттик кызматкерлердин мажбур катышуусундагы жапырт иш-чаралар менен коштолот. Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги Ашхабад шаарынын администрациясына шилтеме берип, 4-11-апрель аралыгында таңкы саат 8ден кечки 6га чейин көчөлөрдө шаардык автобустар, таксилер жана башка коомдук транспорт гана жүрөрүн жазды.

Түркмөн бийлиги жыл сайын 7-апрелде Ден соолук күнүндө жапырт веложүрүштөрдү өткөрөт. "Азаттыктын" түркмөн кызматы мындай акциялар жөнөкөй жарандардын жашоосуна олуттуу кыйынчылыктарды жаратарын билдирүүдө.

"Экологияны коргоо жана ден соолук боюнча иш-чаралар 10 күнгө созулат. Кишилер жумушка жөө барууга аргасыз болууда. Транспорт кыймылы чектелген. Алардан жумушка велосипед менен барууну талап кылышууда. Медициналык университеттен онкология борборуна жана башка ооруканаларга баруу өтө оор", - деди ашхабаддык тургун.

Түркмөн бийлиги бул өңдүү иш-чаралар дени сак жашоо образын калыптандырууга үйрөтүп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча билимди жогорулатууга көмөкчү болот деп эсептейт. Мындай аракеттердин алкагында Түркмөнстанда жыл сайын эки жолу көчөт отургузуу, веложүрүш жана башка спортук иш-чаралар өткөрүлүп, ага жашоочулар мажбур түрдө катышууга милдеттендирилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости