www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 22-сентябрындагы отурумунда бир катар депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) келерки парламенттик шайлоого карата даярдык тууралуу маалыматын угууну сунуш кылышты.

Депутаттар “бийликтин партиясына кирип алган коррупционерлер шайлоого аттанды”, “шайлоо дагы тополоңго айланганы турат”, “бир мандаттуу округдарды бөлүштүрүүдө аткаминерлердин кызыкчылыгы, кийлигишүүсү болду”, “айрым саясий күчтөр шайлоо баштала электе эле каралоого өттү”, “былтыр өткөргөн шайлоосунун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин БШКнын моралдык укугу жок” деген пикирлерин айтышты.

Шайлоого карата чет өлкөлөрдүн элчиликтери менен кандай иш жүрүп жатканы, мигранттардын шайлоо укугун камсыздоо жагы кандай болору тууралуу маалымат алуу керектигин белгилешти. БШКнын айрым мүчөлөрү азыр камакта отурганына да көңүл бурушту.

Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Бул өнөктүн өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. БШК жетекчилиги айыптоолордун баарын четке кагып, шайлоонун мыйзам чегинде өтүшү үчүн бардык шартты түзүп бергенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости