www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Шайлообек Атазов:

Бүгүнкү күндө кымбатчылык кокого жетип карапайым эл кыйналып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов ЖК жыйынында билдирди.

“Бүгүнкү күндө кымбатчылык кокого жетип карапайым эл кыйналып жатат. Азык-түлүк кымбаттап бензиндин баасы 62 сомго жетти. Кээ бир үй-бүлөлөрдүн айлап эт жебей калган күндөрү болууда. Бул боюнча министрлер ооз ачпай келет. Баа саясатын тескеген министрлер жок. Кышка даярдык боюнча министрлер кабинети маалымат берсин”, - деди эл өкүлү

Мамлекет башчы дагы "шайлоо таза өтсүн, элге берилсин, демократиялык негизде өтсүн" деп БУУнун трибунасына кайрылып жатканын белгиледи.

"Бирок ошого карабай, кечээ Атамбаев, Жээнбековду саткан саткындар, жайыт, жерлерди саткан коррупционерлер бийликтин партиясына кирип алып шайлоого аттанышты. Бул кетиште жакынкы шайлоо да тополоңго айланганы турат. Бүгүнкү күндө карапайым эл мыкты мугалимди, мыкты дарыгерди, спорт, маданият өкүлдөрүн парламенттен көргүсү келүүдө. Кечээги шылуундардан эл тажап бүткөн", — деди Атазов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости