www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жоргоку Кеңештин депутаттары чек арадагы коогалаңдан улам эл аралык коомчулукка кайрылуу жолдойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, депутат Абдувахап Нурбаев билдирди.
Аталган комитети бүгүн, 3-майда чек арадагы соңку кырдаалдан улам жабык жыйынга чогулду.
"Биздин комитет эл аралык коомчулукка кайрылуунун долбоорун даярдаган. Бирок депутаттар аны эл аралык юристтер менен дагы иштеп чыгып, бир-эки жерин тактап, парламенттин кийинки отурумунда, парламенттин атынан чыгаралы деп сунуштап жатат. Ошонун үстүнөн кайрадан иштеп жатабыз. Кайрылуунун долбоору бар, толук макулдаша элекпиз, талаш-тартыш болууда. Этият болобу, мамилелерге дагы зыян келтирип албайлы дегендер болууда, биз катуу жазган элек", - деди Нурбаев.
Булак: NazarNews.kg