www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде 39 жалпы билим берүү уюмдары жана 25 мектепке чейинки билим берүү уюмдары жабылды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп жана бала бакча толугу менен күйүп кетти.
Балдар убактылуу кайсы жерде жайгашса ошол жердеги мектептен окуу жылын аякташат.
“Ал мектепте 200 окуучу билим алып келген. Алар убактылуу жашап жаткан жердеги мектепте окуу жылын аякташат. Калган мектептер оңдолуп, салттуу түрдө билим берүүнү улантат. Максаттагы мектеп менен бала бакча жаңы окуу жылына чейин калыбына келтиришибиз керек”, - дейт министрдин орун басары.
Жусупбекова көчүрүлгөн жарандарды жайгаштыруу үчүн 10 мектеп, 2 лицей, 2 жатакана жана 3 бала бакчада эвакуациялык пункт түзүлгөн.
Булак: NazarNews.kg