www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттарды сыйлоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөгөнүн Минстрлер кабинетинен билдиришти.
«Мындай бейформал жолугушуулардын максаттарынын бири – аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы түз диалогду түзүү. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен Жогорку Кеңешинин депутаттарынын биргелешкен кечки тамагы бюджеттен тышкаркы каражаттардан төлөнгөнүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Өткөн иш-чарага байланыштуу чыгашаларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн жок жана мындан ары да бөлүнбөйт»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясынын иши жыйынтыкталды. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын Бишкектин ресторандарынын бирине бейформал кечки тамакка чакырган.
Булак: NazarNews.kg