www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар чукул жыйынга чогулууда

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрадан чукул жыйынга чогулууда. Бул тууралуу эл өкүлү Медербек Алиев билдирди.

Депутаттын айтымында, жыйында Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) кайрылууну талкуулашат.

Тажикстандын кол салуусунан кеминде 36 адам мерт кетти. Арасында 15 жаштагы кыз бар.

14-сентябрь күнү тажик аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын аймагына беш жерден ок чыгарган. Сүйлөшүүдөн кийин атышуу токтогон болчу. 16-сентябрда КР Чек ара кызматы Тажикстан тараптан аткылоо кайрадан башталганын билдирип, кагылышуу Баткен облусунун бардык чек ара тилкесинде жүргөн.

Мекеме тажик чек арачыларынын аракетин кол салуу деп атады. Кыргызстандын ТИМи Тажикстанга каршылык нотасын тапшырып, буга чейинки макулдашуулар бузулганын айтты. Кыргызстандын күч түзүмдөрү тажик тарап КР аймагын басып алуу максатында оор техника, анын ичинде "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен 16-сентябрь күнү саат 16:00дөн тарта ок атууну токтотууга макулдашып, эки өлкөдөн атайын комиссия түзүлгөн. Бирок кечинде тажик тарап келишимди аткарбай кайрадан ок чыгарган.

17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости