www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө лидерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Кыргызстандын Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдады.

Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости