www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги чек ара коогалаңында каза болгон Жалал-Абад облусунун төрт аскер кызматкери жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара кагылышуусунда Жалал-Абад облусунун жалпы беш аскер кызматкери курман болду. Алар Сузак районунун эки, Ноокен районунун эки, Ала-Бука районунун бир жараны болгон.

Бүгүн, 18-сентябрда алынып келинген төрт аскер кызматкеринин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылдарында жерге берилди.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, жакындарына көңүл айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости