www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азык-түлүктүн баасы доллар менен төмөндөбөйт, анткени алардын өсүшү башка факторлор менен байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбек Тайлаков билдирди.
Депутат Айсара Нышанова доллардын арзандаганына карабай эмне үчүн тамак-аштын баасы өзгөрбөй жатканын сурады.
«Канттын баасы биздин коңшуларга караганда бир топ арзан. Өсүмдүк майынын баасы нөлдүк КНС киргизилгенден кийин 12 пайызга арзандады. Орусияда буудайдын дүң баасы кымбаттады. Доллардын курсу факторлордун бири, андан тышкары рынок, экспорт жана логистика маселелери бар. Азыр көп өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилип, биз продукцияны чоң көлөмдө импорттой албайбыз», - деп түшүндүрдү Кеңешбек Тайлаков.
Булак: NazarNews.kg