www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маймыл чечегине кабылгандардын саны арбышы мүмкүн, бирок эпидемияга айланып кетүү ыктымалдуулугу аз. Бул тууралуу Гамалея атындагы борбордун илимий кызматкери, вирусолог, медицина илимдеринин доктору Анатолий Альштейн билдиргенин "Известия" жазды.
"Азыр кырдаал бир аз башкача. Дарт ар кайсы өлкөдө бир-эки кишиден чыгып жатат. Албетте, жугушу мүмкүн, бейтаптардын саны көбөйүшү ыктымал, бирок вирустун табияты өзгөрдү дегенден алысмын. Мындай вирустар коронавирустан айырмаланып өзгөрүүгө өтө жай учурайт. Менимче, эпидемияга айланып кетүү кооптуулугу жок", — деди адис.
Анын айтымында, бул илдет эч качан адамзатка кооптуулук жараткан эмес.
"Африкага көбүрөөк мүнөздүү, ал жак жунгли, адам маймыл эле эмес башка да көптөгөн жаныбарлар менен байланышта болот. Ошол жакта маймыл чечеги көбүрөөк кездешкен", — деп түшүндүрдү Альштейн.
Эске салсак, маймыл чечеги биринчи жолу 1951-жылы катталган. Инфекция Африкада жайылган болчу.
Инфекция адамдан адамга өтүшү мүмкүн, бирок кадимки чечектей жугуштуу эмес. Илдет оор өтөрү айтылып келет.
ДССУнун соңку маалыматында бейтаптар ооруну илдет чыккан аймакка барып жуктурган эмес. Көбүнчө бири-бири менен жыныстык катнашта болгон эркек кишилерден чыгууда. Бирок бул дагы такталып жатат.
Маймыл чечеги Европа аймагындагы Бельгия, Франция, Германия, Италия, Португалия, Испания, Швеция жана Улуу Британия мамлекеттеринде катталууда.
Бул илдет тууралуу Кыргызстандын Коронавируска каршы башкы штабы дагы маалымат тараткан. Анда маймыл чечегин адатта 16 жашка чейинки өспүрүмдөр көп жугузары жана оорудан 2-3 жуманын ичинде сакайып кетери айтылган.
Булак: NazarNews.kg