www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар чогулбагандыктан, вице-спикер шайланбай калды

Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга толук келбегендиктен, бүгүн вице-спикер шайланбай калды. Ал кызматка "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров менен "Кыргызстан" фракциясынан Улугбек Садиков көрсөтүлгөн.

Төраганын милдетин аткарып жаткан Аида Касымалиева вице-спикерди шайлоо электрондук эмес, бюлленттень аркылуу жабык добуш берүү менен өтөөрүн айтты. Ошол эле учурда, ал ишеним каттын негизинде бирөөнүн ордуна добуш берүүгө тыюу салды. Мындай норма Конституцияда дагы, Жогорку Кеңештин регламентинде да жок экенин белгиледи.

"Негизи, 61 добуш алган талапкер вице-спикерликке шайланат. Азыр залда 40 эле депутат отурат. Анан кантип шайлоо өткөрөбүз? Андан көрө бул маселени күн тартибинен алып салалы", — деди эл өкүлү Айбек Осмонов.

Ал эми Аманкул Токтомамбетов мурда деле ишеним каттын негизинде шайлап келишкенин айтып, ошол ыкманы азыр да колдонууну сунуштады. Ага Аида Касымалиева "мурдагыларга ошол төрагалар жооп берсин. Мен төрагалык кылып жатканда андай болбойт", - деп жооп берди. Ошондой эле, ал - кармалган депутаттардан УКМК эмнеге бирөөнүн ордуна добуш бергенин сурап жатканын эскертти.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. Аны менен катар төрага Талант Мамытов дагы кызматтан убактылуу четтетилген. Учурда төраганын милдетин вице-спикер Аида Касымалиева аткарууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости