www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Өмүрбек Текебаев сабалды, президент кылмышкерлерди тезинен табуу боюнча тийешелүү кызматтарга тапшырма берди, бул боюнча эмне дейт элеңиз?
-- Жагдайы кандай болуп кеткени азыр белгисиз. Ар кимдин душманы бар. Турмушта өйдө-ылдый коштолуп жүрөт. “Ата Мекен” партиясына терс көз караштагыбы, же Текебаевдин өзүнө өчөшүп жүргөндөр уюштурдубу, эң негизгиси ага кол салуу – бул факт.
Пайгамбар жашына келген сакалдуу кишиге тийишкенин мен туура көргөнүм жок. Анын телефонун жулуп алмак тургай, атасындай болгон адамга (тем более тааныбаган адамга) катуу сүйлөө ыксыз көрүнүш. Эми аны ал жакка коёлу.
Биринчиден, Кыргызстандын ар бир жаранына гарант боло турган адам – бул өлкө президенти. Мына ушул кишинин эң биринчилерден реакция кылып, “ИИМ кызматкерлери, тезинен кылмышкерлерди тапкыла, кармагыла!” дегени жүрөк жылытты. Буга чейин кайсы президент ушундай реакция кылчу эле?
Бул бир жагы, эми экинчи жагы, эгер кылмышкерлерди тез аранын ичинде таппай коюшса, анда “муну бийлик атайын уюштурду, мына тапкан жок, өздөрү кылган” деп катуу сөз кетет. Бу жагы бар. Жеке менин оюмда, алар табылышы керек жана аны ким уюштурганы ачыкка чыкканы оң. Артка жол жок!
Булак: Азия News гезити