www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Наталья Никитенко парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү талабы менен төрага Дастан Жумабековго кайрылышты. Алар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, пневмония оорусунун күч алуусу Жогорку Кеңештин кийлигишүүсүн талап кыларын белгилешти. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

"Мурдагы жыйындарда биз коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча өкмөттүн иши тууралуу көп жолу маселе көтөрдүк. Алардын баяндамалары менен маалыматтарын уктук. Бирок аягында бизге берилген маалыматтардын баары жалган болуп чыкты. Биз муну азыркы кырдаалда көрүп жатабыз. Кычкылтек концентраторлору, жасалма дем алдыруучу аппараттар, дары-дармектер жетишсиз гана эмес, жок болуп чыкты”, - деди Жанар Акаев.

Депутат ошондой эле өкмөт азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн антикризистик план көрсөтпөгөнүн кошумчалап, бул маселелердин баары Жогорку Кеңештин отурумунда каралууга тийиштигин белгиледи.

Жогорку Кеңеш коронавируска каршы өкмөттүн иштери, пландары тууралуу маалыматты бир нече жолу уккан. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн иши парламентте “канааттандырарлык” деп табылган.

Башмыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы президенттин, өкмөттүн же парламент депутаттарынын үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу менен төрага тарабынан чакырылат.

Эске сала кетсек, алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 1-июлдан тарта жайкы каникулга тараган. Депутаттар июль айында аймактарда шайлоочулары менен жолугушуп, август айында эмгек өргүүсүнө чыгат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости