www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ири эки шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн кооптуулугун текшерүүнү депутат Медер Алиев бүгүн, 8-февралда парламент жыйынында сунуштады.

"Акыркы он жыл аралыкта Республикалык маанидеги Бишкек менен Ош шаарында жамгырдан кийин чыккан козу карындай көп кабаттуу үйлөр курулду. Алар уруксат берилген жана берилбеген жерлерге да салынды. Алардын сапаты кандай? Коопсуздук талаптарга жооп береби? Эгерде катуу жер титирөө болсо Рихтердин шкаласы боюнча канча баллга туруштук бере алат? Ушунун бардыгын изилдеш үчүн, чукул тартипте, комиссияга өкмөттүн гана курамынан эмес, бейрасмий адистер дагы кирип коомчулукка корутунду чыгарып берсин. Ар бир үй канчалык деңгээлде кооптуу жана мыйзамдуу экени текшерилсин", - деди Медер Алиев.

Депутат Алиевдин сунушуна эл өкүлү Руслан Жакышев да кошулуп, жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдү мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүп текшерүү зарылдыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости