www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловдун отчетун угуп, ишиндеги кемчиликтери үчүн ага эскертүү берди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган комитеттин мүчөсү, депутат Абдувахаб Нурбаев билдирди: Бул тууралуу Азаттык билдирди.

- Диаспоралар менен иштешүүдөгү, жарандарды кабыл алуу жаатындагы кетирген кемчиликтери боюнча бизге арыз-мүңдар түшүп жатты эле. Ошолорду айтып, эскертүү бердик. Ишин канааттандырарлык эмес деп табуу сунушу да түштү. Бирок эскертүү менен чектелдик.

Нурбаев кошумчалагандай, Кадыр Токтогулов эки жылдан бери депутаттарга отчет бере элек. Эреже боюнча жыл сайын баяндама жасашы керек. Эскертүү Тышкы иштер министрлигине да жөнөтүлдү.

Кадыр Токтогуловдун өзүнөн жана Тышкы иштер министрлигинен бул жаатта азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

38 жаштагы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси болуп 2014-жылдын этегинде дайындалган. Ага чейин президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости