www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жарандардын сын-пикирлеринен улам мындан ары баш калаанын башчысына калпак, чапан кийгизүү салтын токтотот. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев 6-августта мэр шайлоого байланыштуу уюштурулган тегерек үстөлдө айтты деп билдирет Азаттык.
Жыйынга катышкандардын айрымдары депутаттар шаар тургундарынын ой-пикирлери менен эсептешпей, өздөрү каалаган кишини калаанын башчылыгына алып келип, калпак-чапан кийгиип жатышканын сындады.
Баш калаада бүгүн "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу да өтүп жатат. Жарандык активисттер жана бийлик өкүлдөрү катышкан жыйында мэрди эл шайлашы керек экендиги, мурункулардын кемчиликтери талкууланып, сунуштар айтылууда. Тегерек үстөл Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин демилгеси менен уюштурулду. Ал жергиликтүү бийлик башчыларын түз шайлоо аркылуу тандоону сунуш кылып атат.
Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматов гана арыз берген. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.
Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.
Бишкек шаардык кеңешинде мэрди шайлоо 8-августка белгиленген.
Булак: NazarNews.kg