www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар мэриянын ишин сынга алышты

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек шаарынын Сүйөркулов көчөсүндөгү №16/1 даректеги көп кабаттуу үйдүн бошотулушу тууралуу маселе көтөрүштү.

Алар соттун чечими чыкканга чейин жарандарды үйдөн чыгарбай туруу керектигин айтышты. «Сүйөркулов көчөсүндөгү талаш болуп жаткан имараттын тургундары кайрылып жатышат. Анын мыйзамдуулугун сот чечет. Бирок сот толук чечкенге чейин жарандарды суукта чыгарбай турса болмок. Бишкек шаарынын мэрине айтып, сот толук бүткөнгө чейин жарандарга жардам берип койсок», - деди депутат Таалайбек Сарыбашев.

Депутат Дастан Бекешев аталган даректеги үйдөн тургундарды чыгарууга биринчи жолу бүт кызматтын өкүлдөрү — ӨКМ, милиция, керек болсо караңгылатылган унаалар менен белгисиз адамдардан бери барганын айтты.

«Эмне үчүн учурунда мамлекеттик органдар буга көңүл бурган жок? Мен канча жолу Башкы прокуратурага, мэрияга каттарды жөнөттүм. Бул жерде шылуундар пайда көрүп, жарандар үйсүз калды. 2022-2023-жылдары кат менен кайрылгам, бирок мамлекеттик органдар кызыгуу көрсөтүшкөн эмес. Эмне себептен бул азыр кызыгууну жаратып калды?», - деп кайрылды эл өкүлү.

Ал бул маселени президентке жеткирип, резервдик фонддон жардам берүүнү суранды. «19-февралда имараттан чыгаруу боюнча билдирүү берилип, 1-март менен чыгарылып жатканы кандайдыр бир деңгээлде мыйзамсыз иш-аракетпи деп эсептейм. Тургундарды суукта чыгарып салган канчалык деңгээлде мыйзамдуу ишаракет экенин билүү үчүн, юрдикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга тапшырма бериш керек», - деп билдирди депутат Максатбек Сарбагышев.

«Сүйөркулов дарегиндеги имараттан жарандардын чыгарылышы боюнча кесиптештериме кошулам. Эмне ал жерде мэрдин бир кызыкчылыгы барбы? Мэр барып алып, ал жерден адамдарды кууп чыгарып жатат. Мэр деген элдин кызыкчылыгын ойлош керек да. Түшүнөм, инвесторлорду коргош керек, бирок мынчалык эмес да. Үйдөн чыккыла дегенге барбаш керек да мэр деген. Мен ойлойм түздөн-түз мэрдин да жоопкерчилигин караш керек», - деди депутат.

Последние новости