www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газадагы жугуштуу оорулар коркунуч жаратууда

2 миллион 300 миң палестиналык жашаган Газа тилкесинде 1 миллионго жакын жугуштуу оору аныкталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газага кол салууларынын 150 күндөн бери уланып жатканына көңүл буруп: «Бир миллионго жакын жугуштуу оорулардын учурларын аныктадык, дарылоо үчүн зарыл болгон медициналык мүмкүнчүлүктөр жок. Баскынчы Израиль атайылап эпидемия жана жугуштуу оорулардын жайылышына себепкер болууда. Айтып жеткиргис гуманитардык жана саламаттыкты сактоо апаатына алып келүүдө»,-деди.

Кудра Израиль күчтөрүнүн ооруканаларды жана саламаттыкты сактоо борборлорун талкалаганын, медициналык кызматкерлерди өлтүргөнүн же камакка алганын, Газанын түндүгүндөгү абалдын мындан да начар экенин баса белгиледи.

Керектүү медициналык жардам көрсөтүлбөсө абалдын дагы да начарлай турганын эскерткен Кудра, Бириккен Улуттар Уюмуна «Газа калкын куткаруу үчүн чара көрүүгө» чакырды.

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында 13 миң 430 баланын каза болгондугу маалымдалды.

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсесинин билдирүүсүндө, Израилдин Газага 151 күндөн бери уланып жаткан кол салууларына байланыштуу акыркы маалыматтар бөлүшүлдү.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесинде палестиналыктарга, карапайым калкка, балдарга жана аялдарга каршы 2675 кыргын кылганы белгиленди.

Газа тилкесинде 151 күндөн берки кол салууларда 13 миң 430 бала, 8 миң 900 аялдын каза тапкандыгы кабарланган билдирүүдө, жалпы каза болгондордун санынын 30 миң 534кө, жаракат алгандардын санынын болсо 71 миң 920га жеткени маалымдалды.  

Последние новости